Байсалов А.Бейшеналивдин кызматын ким аткарып жатканын айтты

Байсалов А.Бейшеналивдин кызматын ким аткарып жатканын айтты

Бүгүн, 3-июнда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Саламаттык сактоо министрлигинин борбордук аппаратында жыйын өткөрдү.

Анын айтымында, ал команда менен сүйлөшүп, функционалдык милдеттерин мындан ары да так аткарууга чакырды.

00″Мен жамаатка элдин талаптарын эскерттим. Акыркы окуялар калкка медициналык жардам көрсөтүүгө жана көрсөтүлгөн кызматтын сапатына таасирин тийгизбеши үчүн иштөөнү тапшырдым», — деди Байсалов.

Анын айтымында, министрге карата кадрдык чечим кабыл алынбайт.

«Азыр кандайдыр бир чечим кабыл алуу туура эмес. Себеби, бизге белгилүү болгондой, Бейшеналиевге карата баш коргоо чарасы али тандала элек. Андыктан, Алымкадыр Бейшеналиевге карата кадрдык чечимдер тууралуу сөз кылуу али эрте», — деди Байсалов.

Министр жок болгон учурда алардын бирине дагы милдеттери жүктөлө элек, орун басарлары өз милдеттерин аткарууну улантышууда.

Байсалов министрдин орун басарларына байланыштуу чечимдер жакын арада кабыл алынарын — алар өзгөртүлөрүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин министрдин үч орун басары Жалалидин Рахматуллаев, Улук-Бек Бектурганов жана Жапаркул Ташиев маалымат жыйын өткөрүп, анын кызматтан кетишин талап кылышкан. Буга жооп катары Алымкадыр Бейшеналиев министрлер кабинетине бул адамдарды кызматтан алуу сунушун жолдогон.

Эске салсак, Алымкадыр Бейшеналиев жана Саламаттык сактоо министрлигинин бир нече кызматкерлери коррупцияга шектелүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>