Боом капчыгайында таш түшүрүлүп, жол маал-маалы менен жарым-жартылай жабылат«Аферист жана кайырчы»: Жапаров Аблязовдун айыптоолоруна кескин жооп кайтардыКорей депутаты Кыргызстанды Борбор Азия рыногуна чыгуудагы маанилүү өнөктөш катары атадыКыргызстанда соттолгондорго кайрадан ырайым берүүгө уруксат берүү каралууда — жаңы эрежелерБишкекте Ак илбирс күнүнө карата интерактивдүү AR-квест өтөтФранция жалында: социалдык нааразылыктар кантип массалык башаламандыкка айланды
Абактагы адамдарга баңгизат ташып жүргөн жаран кармалды
03.06.2022 | 15:48
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери 2022-жылдын май айында абактарга баңги каражаттарынын ири партиясын жеткирүү менен алектенген баңги топтору тууралуу маалымат алышкан.
ИИИдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, козголгон кылмыш ишинин алкагында, 26-майда атайын тергөө амалдарын жүргүзүүдө. Бишкек шаарында 1984-жылы туулган, мурда бир нече жолу соттолгон Д.К. аттуу жаран кармалды.
Жеке тинтүүү жүргүзүүдө жаңы психоактивдүү затка окшош, жалпы салмагы 8 гр болгон ак порошок заты бар эки желим баштык табылган.
Соттук-химиялык экспертизанын маалыматы боюнча алынган зат психотроптук зат болуп аныкталган. Ал эми, кармалган жаран Чүй облусунун Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.


Рубрики: Жаңылыктар, Коом