Корей депутаты Кыргызстанды Борбор Азия рыногуна чыгуудагы маанилүү өнөктөш катары атадыКыргызстанда соттолгондорго кайрадан ырайым берүүгө уруксат берүү каралууда — жаңы эрежелерБишкекте Ак илбирс күнүнө карата интерактивдүү AR-квест өтөтФранция жалында: социалдык нааразылыктар кантип массалык башаламандыкка айландыАдылбек Касымалиев социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин куттуктадыМамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнө салды
Чек арадагы ок атышууда кыргыз аскери жаракат алды
03.06.2022 | 15:04
Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан улам Кыргызстандын бир аскер кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, саат 14:15ке алынган маалымат боюнча Баткен районунун Булак-Башы деген жеринде болуп жаткан ок атышуу токтоду.
“Саат 14:07де чек ара бөлүмдөрүнө ок атышууну токтотуу боюнча буйрук берилгени менен тажик тарап кыргыз тарапты көздөй саат 14:15ке чейин ок атууну токтоткон эмес. Ок атышуу учурунда Кыргызстандын бир аскер кызматкери жаракат алды, ага медициналык жардам көрсөтүлдү”, – деп айтылат маалыматта.
Учурда эки тарап сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Буга чейин чек арада ок атышуу болуп жатканы маалымдалган.