Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
Байсалов: өзүн-өзү дарылоодон көп адамдар каза болууда
19.01.2022 | 17:01
Коронавирусту жуктургандардын көбү өз алдынча дарыланып, күчтүү жана кымбат дарыларды ичкенден каза болууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов парламент жыйынында айтып, бул анын жеке байкоосу экенин белгиледи.
«Биз эмдөө үчүн күрөшүүдөбүз. Мурунку бийлик да эмдөө боюнча күрөштү. Тилекке каршы эл эмдөөдөн өтпөй жатат. Эмдөө бул вируска каршы күрөштүн жападан жалгыз куралы”, – дейт Эдил Байсалов.
Ал ошондой эле омикрон штаммы Кыргызстанда буга чейин эле бар экенин билдирди.
Байсалов мектептерди карантинге жабуу пайдасыз деп эсептейт, анткени вирус жайылып, ар бир үйдө бар экенин кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом