Бакир уулу: Талапкерлигимди Жапаровдун пайдасы үчүн алып салдым

Бакир уулу: Талапкерлигимди Жапаровдун пайдасы үчүн алып салдым

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу президенттикке койгон талапкерлигин Садыр Жапаровдун пайдасы үчүн алып салган.

Бул тууралуу ал Садыр Жапаров менен жолугуп чыккандан киийн «Регион» телеканалдарга берген маегинде айткан.

“Экөөбүздүн программалар окшош экен. Ал мага бир программа менен чыгууну айтты. Жапаровду депутат кезинен бери жакшы билем. 5 маал намаз окуйт. Экинчиден, элдин баары Садыр Жапаров деп турат. Муну баарыбыз көрүп турабыз. Мен анализдеп көрсөм, Садыр Жапаровдой эрктүү саясатчы жокко эсе экен. Ал атасын, апасын, баласын жоготту, ал эрктүүлүгүн көрсөтүп, бийликке жалынбай, аягына чейин эл чыгарганга чейин отурду, шул жагына да тан бердим.  Үчүнчүдөн, элге айткан убадаларын ишке ашырам дегенине ишенип отурам. Садыр Жапаров менен сүйлөшүп, сенин пайдаңа талапкерлигииди алып коеюн дедим” – деген Турсунбай Бакир уулу.

Белгилей кетсек, 3-декабрь саат 23: 59га карата президенттикке талапкер болгон 21 адам шайлоочулардын кол тамгаларын БШКга тапшырган. Алардын биринин чогулткан кол тамгалары 30 миңге  жетпей калгандыктан өзүнө кайтарылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>