Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков Азербайжандын Баку шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ички иштер министрлеринин экинчи жыйынына катышты.
Жыйындын жүрүшүндө тараптар коомдук коопсуздукту камсыздоо, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, терроризмге, экстремизмге, ошондой эле баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана адамдарды сатууга каршы аракеттенүү боюнча өз-ара аракеттешүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле маалыматтарды ыкчам алмашуу маселелерине, биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө, Түрк мамлекеттеринин Уюмунун мүчө мамлекеттеринин укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кесиптик потенциалын бекемдөөгө, ошондой эле региондогу туруктуулукту камсыз кылуу боюнча күч-аракеттерди координациялоого өзгөчө көңүл бурулду.
«Санарип доорундагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү туура колдонуп, ырааты менен ишке ашыруу үчүн, полиция жана ички иштер органдарынын өздүк курамынын санариптик тажрыйбасын жаңы көз караштагы калыпка салып, дүйнө жүзүндө болуп жаткан заманбап чакырыктарга туруштук берүү үчүн, кызматкерлердин билим-деңгээлин жогорулатуу жаатында, замандын талаптарына шайкеш келген ишмердикти алып баруу багыттары боюнча — аз убакыттын ичинде — көптөгөн ийгиликтерге жетиштик. Мындай ийгиликтер, биз жетектеп келе жаткан ар бир Ички иштер министрлигинде орун алды деп айтсам жаңылышпайм», — деди министр Улан Ниязбеков.
Жыйындын соңунда Кыргызстан Түрк мамлекеттеринин Ички иштер министрлеринин Кеңешинин төрагалыгын Азербайжанга расмий түрдө өткөрүп берди.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын сентябрь айында Чолпон-Ата шаарында Түрк мамлекеттеринин уюмунун Ички иштер министрлер кеңешинин биринчи жыйыны болуп өткөн.