Бала бакча: Мамлекет акча бөлбөйт, ата-энелер балдарынын тамагы үчүн өздөрү гана акча төлөйт

Бала бакча: Мамлекет акча бөлбөйт, ата-энелер балдарынын тамагы үчүн өздөрү гана акча төлөйт

Президент Садыр Жапаров «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун каршы пикир менен артка кайтарды. Ага байланыштуу мамлекет бала бакчадагы балдардын тамак-ашына акча бөлбөй турган болду. Бакчага барган балдарын тамак менен камсыздоо бир гана ата-энелердин мойнуна жүктөлөт.

Белгилүү болгондой, 2023-жылы август айында Жогорку Кеңеш «Билим берүү жөнүндө» жаңы мыйзам кабыл алган. Мурдагы мыйзамда «бала бакчадагы балдардын тамагы үчүн акчанын жарымын ата-энелер, жарымын жергиликтүү бийлик органдары төлөйт» деп жазылса, жаңысына «ата-энелер гана төлөйт» деген норма киргизилген. Бирок ал тууралуу коомчулукка ноябрь айында гана белгилүү болуп, бул маселе элдин нааразылыгын туудурган. Мындан улам бул маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, депутаттар аталган норманы көз жаздымда калтырып, кабыл алгандарын билдиришип, «катасын» оңдоо үчүн депутаттардын тобу тиешелүү мыйзам долбоорун даярдаган.

Ал документте «Билим берүү жөнүндө» жаңы мыйзамдагы «бакчадагы балдардын тамагы үчүн ата-энелер гана акча төлөйт» деген норманы алып салуу каралган. Натыйжада парламент ал мыйзам долбоорун кабыл алып, президенттин кол коюусуна жөнөткөн. Эми аталган мыйзам долбоору артка кайтарылганы белгилүү болду. 19-июнда парламент президенттин каршы пикирине макул болуп, буга чейин өздөрү кабыл алган мыйзам долбоорун четке какты.

Ошентип ата-энелер бала бакчадагы тамак үчүн өздөрү гана акча төлөмөй болууда.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, былтыр бала бакчадагы тамак-ашка мамлекеттин эсебинен (республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден) 800 млн сом акча бөлүнгөн. Эми мамлекет үнөмдөлө турган акчага бала бакчаларды курууну пландап жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>