Путин, Си Цзиньпин жана Трамп тынчтык жөнүндө декларация кабыл алышты: эмнелер тууралуу макулдашылдыБолоткан Баяке уулу Баткен районунун акими болуп дайындалдыПрокуратура: Жалал-Абад облусунда 64 жаранга мыйзамсыз пенсия дайындалганКыргызстандыктар үчүн Кытайдын ЖОЖдорунда окууга 9 мамлекеттик стипендия бөлүндүMBusiness акциясында ишкерлер 1 миллион жана 200 миң сомдон утуштуПутин, Си Цзиньпин жана Трамп Шэньчжэнь шаарында жолугушту: сүйлөшүүлөр алдындагы негизги учурлар
Бишкек – Астана багыты боюнча түз аба каттам жанданды
20.06.2024 | 09:00
Бишкек – Астана багыты боюнча түз аба каттам 16-июндан тартып жанданды. Бул тууралуу “Манас” аэропортунан билдиришти.
Аба каттамды казакстандык FlyArystan авиакомпаниясы Airbus A320 учагы менен аткарууда. Каттам жумасына 2 жолу – шейшемби жана жекшемби күндөрү жүргүзүлөт.
Бишкектен Астанага учуу убактысы 1 саат 45 мүнөттү түзөт.
“Манас” аэропорту аталган каттамга байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпания менен түз байланышууну сунуштайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом