Кайыңды шаарындагы бала бакча жана маданият үйү мамлекетке кайтарылды — УКМКБыйыл өлкөдө 2,7 миңден ашык өрт кырсыгы катталып, 34 адам каза таптыБишкекте МИКтин үйлөрүнүн ичинде жаңы мектеп филиалы ишке кирдиТажикстанда ЖККУнун «Бузулбас боордоштук» жана «Тоскоолдук» машыгуулары башталдыСамаркандда Борбор Азия өлкөлөрүнүн коргоо министрлери жолугуштуТүштүк аймактарда 50 жаштан өткөндөрдүн көзү текшерилет
Балбак Түлөбаев: Жалаң орус тилдүү бир канал керек
02.03.2022 | 14:37
Мамлекеттин жакшы долбоорлорун жеткирүү үчүн жалаң орус тилдүү бир канал керек. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев парламент жыйынында берди.
Депутат мамлекеттин жакшы долбоорлорун татыктуу деңгээлде жеткире албай жатканын сынга алып, өз сунушун берди.
“Кыргызстанда канча телеканал бар? Ошолордун бирин жалаң орус тилдүү кылсаңар. Пирамиданыбы же 5-каналды орусча кыласыңарбы? Мына КТРКда деле башка каналдар бар. Ушул мамлекеттин жакшы иштерин элге жеткиликтүү кылуу үчүн керек. Башка улуттар суранып жатышат. Биз түшүнбөй жатабыз дешүүдө”– деди эл өкүлү
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат