Ала-Арчаны бойлой променад: Бишкекте аймак асфальттоого даярдалуудаКыргызстан жана АӨБ 2028-2032-жылдарга өнөктөштүк стратегиясын талкуулаштыДүйнөлүк банк жана АӨБ Кыргызстандын реформаларын колдоого даярКР саламаттык сактоо министри башка министрге операция жасап, инфаркттын алдын алдыКабмин башчысы Кыргызстандын прокуратурасынын коррупцияга каршы күрөшүүдөгү салымын белгиледиЖаңжалсыз чек ара: Кыргызстан менен Өзбекстан 10 айдын жыйынтыгын чыгарды
Балбак Түлөбаев: Жалаң орус тилдүү бир канал керек
02.03.2022 | 14:37
Мамлекеттин жакшы долбоорлорун жеткирүү үчүн жалаң орус тилдүү бир канал керек. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев парламент жыйынында берди.
Депутат мамлекеттин жакшы долбоорлорун татыктуу деңгээлде жеткире албай жатканын сынга алып, өз сунушун берди.
“Кыргызстанда канча телеканал бар? Ошолордун бирин жалаң орус тилдүү кылсаңар. Пирамиданыбы же 5-каналды орусча кыласыңарбы? Мына КТРКда деле башка каналдар бар. Ушул мамлекеттин жакшы иштерин элге жеткиликтүү кылуу үчүн керек. Башка улуттар суранып жатышат. Биз түшүнбөй жатабыз дешүүдө”– деди эл өкүлү
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат