23 жаштагы жигитти өлтүргөн чоң кылмыштарга тиешелүү киши колго түштү

23 жаштагы жигитти өлтүргөн чоң кылмыштарга тиешелүү киши колго түштү

27-февраль түнү саат 23:35 чамасында Өзгөн районунун Жыланды айылында өзүнүн жашаган үйүндө 23 жаштагы М.Б., сөөгү табылганы боюнча маалымат түшкөн. Бул туурасында Ош облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-февраль күнү 23:50 убактысы менен Өзгөн райондук милициянын кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып  өзүнүн жашаган турак үйүндө алдын ала текшерүүдө  1999-ж.т. К. уулу Б. Аттуу жарандын инсандыгы такталган, маркумдун баш бөлүгүндө мүйүздүү кандайдыр бир буюмдан сокку алгандыгы аныкталган. Анын жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүлгөн, окуя болгон жерден далил буюмдар алынган.

Жансыз денеге окуя болгон жерде Ош облусттук Соттук-медициналык бюросунун экспертинин катышуусунда сырттан кароо жүргүзүлүп, эксперттин айтуусунда маркумдун баш бөлүгүндө миздүү буюм менен 3-4 жолу сокку болгондугун билдирген. Жансыз дене Өзгөн райондук мейтканасына жеткирилип, маркум К. уулу Бнын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык  жана соттук-дактилоскопиялык экспертиза дайындалган.

Аталган жагдай боюнча Өзгөн райондук милиция кылмыш иши козгогон. Кылмыш иш боюнча ыкчам иш чаралар жүргүзүлө баштаган.

2022-жылдын 27-февралында милиция Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында ыкчам иликтөө иштердин жүрүшүндө маркум К. уулу Б. жаранга тийиштүү  Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү  жүк ташуучу авто унаа табылып жана авто унаа менен кошо уурдалып кеткен маркумдун минген аты табылган, аларга  кароо жүргүзүлүп кылмыш иши боюнча далил буюм катары алынган.

Ыкчам иш-аракететердин натыйжасында 2022-жылдын 1-мартында Баткен облусунун Кызыл-кыя шаарында жайгашкан  мейманканалардын биринен адам өлтүрүп коомчулукта чуулгандуу (резонанс) маселе жаратып өзгөчө оор кылмышка шектелген “К” аттуу жаран кармалып, Өзгөн райондук тергөө кызматына жеткирилген.

Тергөө учурунда “К” атту жаран Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылынын тургуну, мурда соттолгон 1974-жылы туулган И.К. экендиги аныкталган.

Шектүү  жактоочусунун катышуусунда видеокамераны  колдонуу менен окуя боюнча суракка алынып, жасаган кылмышты толугу менен мойнуна алып, Өзгөн райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда бул факты боюнча тиешелүү тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>