Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
Москва: Топ баланын зордуктоосунан кийин кыргызстандык кыз каза тапты
02.03.2022 | 15:11
Москвада топ баланын зордуктоосунан кийин 36 жаштагы кыргызстандык кыз каза тапты. Бул туурасында РЕН ТВ жазып чыкты.
Маалыматка караганда, кырсык борбор калаанын Волгоградский проспектисинде, үйлөрдүн биринин кире беришинде болгон. Тез жардам кызматынын кызматкерлерине кошуналары кызды алты адам зордуктап, сабап салышканын айтышкан.
«Жабырлануучу ооруканага эс-учун жоготкон абалда келип, комага жаткырылган. Дарыгерлер ага этанол менен уулануу деген диагноз коюшкан. Мындан тышкары, кыздын мурду сынган. Кыз дагы мас болгон. Жабырлануучу 28-февралда реанимацияда каза болгон», – деп жазат булак.
Айрым маалыматтарга караганда, кыргыз улутундагы эки адам кармалганы маалымдалды. Экөө тең Москвада тааныштары менен жашашат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар