Бишкектин Калинин көчөсүндөгү көпүрө оңдоо иштерине байланыштуу жабылатКожомкул атындагы спорт сарайына заманбап бассейн салынатМихаил Шайдоров Казакстанга фигуралык муз тебүү боюнча Олимпиаданын алтын медалын алып келди15-февралга карата аба ырайыЖашы жете электи зордуктоого шектелгендерди жоопкерчиликтен бошоткон. Кеминде Тергөө кызматынын башчысы кармалдыИшкерлерден акча талап кылып жүргөн. Ошто жалган милиция кызматкери кармалды
Балбан кыздар үчүн салынып жаткан спорт залдын курулушу качан бүтөт?
25.07.2022 | 16:45
Кыргызстандын күрөш боюнча кыздар кумамасы үчүн салынып жаткан спортзалдын курулушу 31-августка чейин аяктайт. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда маалымат жыйында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирди.
Министрдин айтымында, учурда спорт залынын курулушу үчүн керектүү каражаттар бөлүнгөн.
Эскерте кетсек, аталган спорт зал Малдыбаев көчөсүндөгү “Жаштык” спорткомплексинин аймагында курулууда. Анын аятны 1 миң 875 чарчы метрди түзөт. Спортзалдын тендердик наркы 81,6 млн сомду түзгөн.