Баткенде 9 млн сомдон ашык мыйзамсыз дарылар алынды

Баткенде 9 млн сомдон ашык мыйзамсыз дарылар алынды

Баткен облусунда 9 миллион сомдон ашык дары-дармектерди мыйзамсыз алып чыгууга бөгөт койду. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Оперативдүү» бажысынын кызматкерлери УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Баткен облусунун Кадамжай районундагы Жаңы-Жер участкасында Кыргызстан менен мамлекеттик чек ара тилкесинде Өзбекстандын ЕАЭБ аймагынан Кыргызстандын жараны «М.М.» айдап бара жаткан «ВАЗ210740» үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Унааны текшерүү учурунда жалпы баасы 9 миллион 290 миң 700 сомду түзгөн «Инфера» дары-дармектер табылган. «М.М.» ЕАЭБ аймагынан Өзбекстандын бажы көзөмөлү жок товарларды мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган.

Аталган унаа кармалып, жагдайлар такталганга чейин унаа Ош шаардык терминалынын аймагына жеткирилген. Бул факты КБР АДС МКЖга катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>