Камкорчу дайындабай, балдарын таштап, эмгек миграцияга кеткен ата-энелерди жазалоо сунушталууда

Камкорчу дайындабай, балдарын таштап, эмгек миграцияга кеткен ата-энелерди жазалоо сунушталууда

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги балдарына камкорчу дайындабай, эмгек миграцияга кеткен ата-энелерди жазалоону сунуштоодо.

Ведомствонун маалыматы боюнча, 2024-жылдын биринчи кварталында үймө-үй кыдырып текшерүүнүн натыйжасында 84 миң 542 эмгек мигранттардын балдары аныкталган. Анын ичинен 42 миң 648 бала формалдуу камкордугусуз туугандарынын колунда экени аныкталган.

«Эмгек мигранттарынын балдары үй-бүлөлүк чөйрөдө болгонуна карабастан, ата-энелердин мээрими, камкордугунун жоктугунан стресске кабылган учурлар болот. Алардын арасында оор жумушка тартылгандар жана жалпы билим берүү уюмдарына барбагандар да бар», — деп билдирет Эмгек министрлиги.

Министрликтен белгилешкендей, Балдар кодексинин 76-беренесине ылайык, ата-энелер жүйөлүү себептерден улам өз милдеттерин аткара албаган учурда баласына камкорчу же көзөмөлчү дайындоо үчүн Эмгек министрлигинин аймактык бөлүмүнө арыз бере алат. Ата-эненин арызы боюнча камкорчу дайындоо жөнүндө сот актысында камкорчунун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү көрсөтүлүүгө тийиш.

Бирок процессуалдык аракеттерден жана сотко кайрылууну каалабагандыктан жарандар камкорчу дайындабастан, көзөмөлчүлүк органдарына билдирбестен республиканын чегинен тышкары чыгып, балдарын туугандарына, кошуналарына жана тааныштарына таштап кетишет. Натыйжада балдардын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо боюнча өз убагында чараларды көрүү дайыма эле мүмкүн боло бербейт.

Эмгек министрлиги балдарын камкорчусу жок эмгек миграциясына кеткен ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштайт.

Эгерде камкорчу дайындабастан, көзөмөлчүлүк органдарына билдирбестен балдарын 15 суткадан ашык таштап кеткен ата-энелерге эсептик көрсөткүчтүн 150 өлчөмүндө (1,5 миң сом) айып салуу сунушталууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>