Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты14-март: Өлкөдө күн ачык болот
Балыкчыдагы кафеде милиционерлер мушташ чыгарып, ызы-чуу салган (видео)
22.02.2024 | 17:04
Балыкчы шаарындагы кафеде милиция кызматкерлери мушташ чыгарып, ызы-чуу салган. Бул тууралуу активист Эртай Искаков билдирди.
Ал соцтармактагы баракчасына окуянын видеосу менен да бөлүштү. Анын айтымында, милиция кызматкерлери видеону чыгарган адамдарга коркутуу кылып жатат.
Ысык-Көл облустук милициясы билдиргендей, соцтармактарга чыккан видео боюнча маалымат каттоого алынып, аталган фактыга юридикалык баа берүү үчүн материалдар Балыкчынын прокуратурасы тарабынан изилденүүдө.
Андан тышкары ИИМдин ички иликтөө кызматы ички иликтөө жүргүзүүдө.
Териштирүнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.