Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев эми депутат эмес

Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев эми депутат эмес

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевди мандатынан ажыратты.

Аталган чечим БШКнын бүгүнкү отурумунда кабыл алынды. Белгилүү болгондой, алар мандатын тапшыруу тууралуу арыз жазган.

Матраимов менен Ражабалиев бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланып келген. Эми алар шайланып келген Кара-Суу жана Баткен округдарында мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлөт.

Эскерте кетсек, Искендер Матраимов — Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы. 2020-жылы Райымбек Матраимов бажыдагы коррупцияга шектелип кармалган. 2021-жылы Биринчи май райондук соту аны «коррупцияга» күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салган. Матраимов камактагы жазадан бошотулган. Аны менен бирге ал мамлекеттин эсебине 2 млрд сом кайтарган.

Быйыл 26-январда Матраимов УКМК тарабынан издөөгө алынган.

Андан кийин Жогорку Кеңештен Матраимов менен байланышы бар делген депутат Абдыбахаб Боронбаев мандатын тапшырган.

Эл арасында Нурлан Ражабалиевдин да Матраимов менен байланышы бар экени айтылып жүрөт.

Ражабалиев Reporter.kg’ге мандатын тапшыруу тууралуу арызды өзү жазганын, шартына байланыштуу депутаттыктан кетип жатканын билдирди. Бирок мандатын тапшыруу Райымбек Матраимовго тиешелүү болуп-болбогону тууралуу суроого жооп берген жок.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>