Райымбек Матраимовдун агасы менен Ражабалиев депутаттык мандатынан ажырайт

Райымбек Матраимовдун агасы менен Ражабалиев депутаттык мандатынан ажырайт

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин эки депутатын мандаттарынан ажыратуу маселесин карайт. Бул тууралуу БШКнын сайтында айтылат.

Маалым болгондой, БШКнын бүгүнкү отурумунда Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевдин мандаттарын алуу маселеси каралат.

Бул эки депутат тең бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланып келген. Эгер алар мандатынан ажыраса, алардын округдарында кайра шайлоо өткөрүлөт.

Эскерте кетсек, Искендер Матраимов — Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы. 2020-жылы Райымбек Матраимов бажыдагы коррупцияга шектелип кармалган. 2021-жылы Биринчи май райондук соту аны «коррупцияга» күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салган. Матраимов камактагы жазадан бошотулган. Аны менен бирге ал мамлекеттин эсебине 2 млрд сом кайтарган.

Быйыл 26-январда Матраимов УКМК тарабынан издөөгө алынган.

Андан кийин Жогорку Кеңештен Матраимов менен байланышы бар делген депутат Абдыбахаб Боронбаев мандатын тапшырган.

Эл арасында Нурлан Ражабалиевдин да Матраимов менен байланышы бар экени айтылып жүрөт.

Ражабалиев Reporter.kg’ге мандатын тапшыруу тууралуу арызды өзү жазганын, шартына байланыштуу депутаттыктан кетип жатканын билдирди. Бирок мандатын тапшыруу Райымбек Матраимовго тиешелүү болуп-болбогону тууралуу суроого жооп берген жок.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>