Мыйзамсыз курулуп жаткан: Манаста 14 кабаттуу имараттын курулушу токтотулдуКыргызстандын банктарындагы депозиттердин көлөмү 880 млрд сомго жетти — ЕӨБТатарстанда жол кырсыгынан эки кыргызстандык жаран каза болдуМыктыбек Оролбай тарыхый рекорд жаратып, UFCде үчүнчү жеңишине жетишти17-мартта Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлөтӨКМ: Ашууларга кар көчкү түшүшү мүмкүн
Балыкчыга кире бериштеги балык саткандар алынууда
19.07.2023 | 09:55
Ысык-Көлдө жол кызматкерлери жол тыгындарын болтурбоо максатында Балыкчы шаарындагы айланма жолдогу башаламан (жер-жемиш, балык) соода кылган сатуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу облустук жол коопсуздугун камсыздоо кызматынан билдиришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө сатуучулар башаламан соода кылгандыктан, унаалар ирээтсиз токтоп, жыйынтыгында жол тыгындары орун алып жаткандыгы баса белгиленип, туристтик мезгил учурунда мындай терс көрүнүштөр эс алууга келген меймандардын жолдо жүрүүсүнө тоскоолдуктарды жаратып жаткандыгы айтылды.
Жыйынтыгында аталган аймактагы сатуучулар жол жээктеринен алыстап, тоскоолдук жаратпай турган жерге соода кылууга макул болушкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом