Бишкекте кыска метраждуу тасмалардын фестивалы өтүүдө

Бишкекте кыска метраждуу тасмалардын фестивалы өтүүдө

18-июлда Бишкек шаарындагы «Манас» кинотеатрында «Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» аттуу XI эл аралык фестивалдын расмий ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Иш-чарага маданият министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Азербайжан, Армения, Беларус, Грузия, Казакстан, Россия, Өзбекстандан келген жана кыргызстандык кинорежиссерлор катышты. Фестивалга келген коноктор кызыл килемден өтүштү.

Фестивалдын ачылышы Изя Герштейндин 1966-жылы тартылган «Тору айгыр» тасмасы менен ачылды.

Белгилей кетсек, аталган кинофестиваль 2011-жылы негизделген. Быйыл XI ирет өтүп, заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналды.

Фестивалдын максаты – КМШ өлкөлөрүнүн мыкты тасмаларын көрсөтүү менен бирдиктүү кино аянтчасын түзүү, жаш кинематографисттер өздөрүнүн талантын көрсөтүүгө, тажрыйба алмашуусуна шарт түзүү болуп саналат.

Тасмаларды 19-21-июль күндөрү «Манас» кинотеатрынан көрө аласыздар. Кирүү акысыз.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>