Кара-Сууда уурулук кылган шектүү Бишкектен кармалды

Кара-Сууда уурулук кылган шектүү Бишкектен кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда бир нече уурулук жасаган делип 31 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-июль күнү райондук милицияга Сарай айыл аймагынын 47 жаштагы А.А. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, быйыл май айында Туратали базарындагы сулуулук салонуна белгисиз бирөөлөр эшигин бузуп кирип, эки миң сом акчасын уурдап кеткен.

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Милициянын маалыматы боюнча, шектүү катары Кара-Суу районунун 31 жаштагы Н.Б. уулу аттуу тургуну Бишкек шаарында изин жашырып качып жүргөн жеринен кармалып, Ошко алынып барган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү Н.Б. уулу дагы башка уурулуктарды жасоого шектелүүдө. Маалыматка караганда, ал Туратали базарындагы дарыканалардын биринин эшигин бузуп кирип, 30 миң сом акча, ошондой эле, Мады айыл аймагындагы дарыканалардын биринин эшигин бузуп кирип, 30 миң сомдук ACER ноутбугун жана кассадан эки миң сом уурдап кеткен.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда шектүүнүн дагы башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>