Балыкчы шаарынын мэри Бакыт Шаршеев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
“Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КРнын Конституциясынын 71-беренесинин, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри Шаршеев Бакыт Октябрович берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду”, — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин депутат Балбак Түлөбаев парламенттин жыйынында Балыкчы шаарынын мэри бир жумадан бери жумуш ордунда жок экенин айткан.
Бакыт Шаршеев мэр болуп 15-июлда дайындалган болчу.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз