Башкы прокурор Максат Асаналиев ЕККУнун жогорку комиссары Кристов Камп менен жолукту

Башкы прокурор Максат Асаналиев ЕККУнун жогорку комиссары Кристов Камп менен жолукту

Кечээ, 22-майда Башкы прокурор Максат Асаналиев Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Улуттук азчылыктардын иштери боюнча жогорку комиссары Кристоф Камп менен жолугушту. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар укуктун үстөмдүгүн камсыздоо, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, ошондой эле улуттар аралык кастыкты жана экстремизмди алдын алуу багытында кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашкан.

Ошондой эле өлкөдөгү укук тартибин жана этностор аралык ынтымакты чыңдоодо өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип, ЕККУ менен өнөктөштүктү мындан ары кеңейтүүнүн, адам укуктарын коргоо жаатында жаңы демилгелерди ишке ашыруунун зарылдыгына токтолушкан.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап Кыргызстандын укук коргоо органдарынын потенциалын жогорулатууга багытталган биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>