Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Арка айылы аркылуу оор жүк ташуучу унаалар Тажикстандын Ходжент облусуна өтүүдө. Алардын видеосу социалдык тармакка жүктөлдү.
Маалыматта 6-март күнү бир нече транспорт Лейлектен Ходжентке өтүп кеткен. Аларды кыргыз номурлуу «Мерседес» үлгүсүндөгү унаа коштоп жүргөн.
«Жергиликтүү тургандар 21-февраль күнү дагы бензовоздор ушул эле кыргыз номурлуу автонун коштоосунда Тажикстанга кайра кеткенин көрүшкөн. Чек ара жабыктыгына карабай, күйүүчү майдын аткезчилиги уланууда», — деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз