Ош облустук милициянын айымдары волейбол боюнча мелдеште жеңүүчү болду

Ош облустук милициянын айымдары волейбол боюнча мелдеште жеңүүчү болду

Ош шаарында 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата волейбол жана стол тенниси боюнча мелдеш уюштурулуп, Ош облустук милициянын айым кызматкерлери байгелүү орундарды алды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Мелдеш 5-6-мартта мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын айым кызматкерлеринин арасында өткөрүлгөн. Ага волейбол боюнча 14 команда, стол тенниси боюнча 10 спортчу катышкан.

Жыйынтыгында Ош облустук милициянын айым кызматкерлеринин командасы волейбол боюнча 1-орунду ээлеген. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын командасы 2-орунга жана Керме-Тоо муниципиалдык башкармалыгынын командасы 3-орунга татыган.

Ошондой эле Ош облустук милициянын кызматкери стол теннисинен 3-орунду алган.

Жеңүүчүлөргө Ош шаардык мэриясынын жетекчилиги тарабынан кубок, медалдар жана баалуу белектер тапшырылган.

Мелдеш Ош шаарынын мэриясы менен дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>