Баткен облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 14-ноябрь күнү саат 04:07де Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Лейлек районунун Ак-Суу, Коммуна айылдарында 3 балл, Жеңиш, Искра, Андарак, Таш-Булак айылдарында жана Раззаков шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз