Ар бир райондон аз камсыз болгон 50 үй-бүлө жеке бизнестерин ачышты

Ар бир райондон аз камсыз болгон 50 үй-бүлө жеке бизнестерин ачышты

Жогорку Кеңештин депутаты Сеидбек Атамбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушууда  Чүй облусунун Аламүдүн районунда социалдык өнүктүрүү саясатын ишке ашыруу маселелери талкууланды. Алсак, тараптар министрлик тарабынан иштелип чыккан «Социалдык келишим» долбоорун аткаруу боюнча пикир алмашты.

К.Базарбаев маалымдагандай, аталган долбоордун алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон кайтарымсыз каражаттар каралган.

Жалпы республика боюнча ар бир райондон 50дөн үй-бүлөгө тапшырылып, ага мамлекеттин казынасынан 292 млн сом бөлүнгөн.

Социалдык долбоордун максаты — аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү турмуштук оор кырдаалдан чыгаруу жана аларга бизнес ачууга же дыйкан чарбасын өнүктүрүүгө жардам берүү. Муну менен катар долбоор жөлөк пул алгандардын санын азайтууга багытталган.

Ошондой эле талкуу маалында Аламүдүн районундагы социалдык колдоо боюнча биргелешкен иш-чаралар пландалды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>