Баткенде милиция Тажикстанга өтүп кеткен уйларды ээсине кайтарды
Баткенде милиция кызматкерлери Тажикстанга өтүп кеткен уйларды ээсине кайтарып берди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, 8-июль күнү Көк-Таш айылынын 30 жаштагы С.С. аттуу тургунунун кароосуз жүргөн 6 ую СМУ тилкеси менен чектешкен Тажикстандын Исфара районунун Чорку айылына өтүп кеткен.
Көк-Таш айылдык милициясынын кызматкерлери Согди облусунун Исфара-2 райондук милиция кызматкерлери менен сүйлөшүү жүргүзүп, 9-июлда 6 уй кайтарылып, өз ээсине тапшырылган.
“Эки өлкөнүн милиция кызматкерлери чек ара аймактарында эки элдин ортосунда ар кандай пикир келишпөөчүлүктөрдүн жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу, чек ара тилкелеринде жашаган тургундарга мал-жандыктарына сак болуусун эскертип, коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөнү колго алган”, – деп билдиришти милициядан.
[image_carousel source=”media: 193608,193607″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз