Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайы
Баткенде тургун айылдашына унаа сатам деп алданган
19.02.2024 | 17:56
Баткендин Лейлек районунда сатып алган унаасынын акчасын бербей, качып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, былтыр февраль айында Андарак айылынын тургуну айылдашына ВАЗ 2107 унаасын саткан. Унаа 265 миң сомго бааланган. Бирок айылдашы унааны алгандан кийин акчасын бербей, качып кеткен. Ага байланыштуу унаанын ээси милицияга кайрылган.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары М.А. аттуу жаран кармалган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.