«Ыйлап жиберсем болот». Түркиядагы элчи алган айлыгы тууралуу айтты

«Ыйлап жиберсем болот». Түркиядагы элчи алган айлыгы тууралуу айтты

«Эгерде өзүңдүн тышкы иштер министрлигиңди бакпасаң, башка өлкөнүн дипломаттарын багасың», — деп жооп берди Жогорку Кеңештинин эл аралык иштер комитетинин жыйынында элчи Руслан Казакбаев айлык акы боюнча суроого.

Жыйында депутат Чыңгыз Айдарбеков Түркиядагы элчиликтин кызматкерлеринин маянасын сурады. Ал аталган өлкөдө инфляция жогору экенин белгиледи.

«Эми бул жерде урматтуу министр, президенттин өкүлү олтурат. Андыктан ыйлап жиберсем деле болот эле. Эгер дипломаттарга канчалык көңүл бөлсөк, өлкөбүздүн дүйнөдө ошончолук көп досу, санаалашы болот. Эгерде өзүңдүн армияңды бакпасаң, башка өлкөнүн армиясын багасың» деген сөз дипломаттарга дагы таандык», — деди ал.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 10 элчиликтердин айлыгы 2023-жылы 15 пайызга көбөйгөнүн, дагы 15 пайызга көтөрүү пландалып жатканын айтты.

«Бул элчиликтердин айлыгы  2008-жылдан бери көбөйгөн эмес экен. Былтыры Түркия, Индия менен бирге жалпысынан 15 пайызга көбөйтүп, Азия, Европа, КМШнын акысын теңдедик. Албетте баалар өскөн сайын акча жетишсиз. Бул маселени Минкабка жана президентке дагы айтканбыз. «Быйыл кое тургула, баары жакшы болсо кийинки жылдан көтөрүп беребиз», — деген жооп болгон», — деди министр.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>