ИИМ: «Коррупция» иши боюнча бир нече адам кармалды

ИИМ: «Коррупция» иши боюнча бир нече адам кармалды

Чүйдүн Ысык-Ата районундагы «коррупция» иши боюнча бир нече адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМден белгилешкендей, Новопокровка айылынын Тунгуч кичи районуна жакын жайгашкан №323 контурдагы жерлерин жеке адамдарга ижарага берүү пландалган. Бирок кийин ал жеке колдорго өтүп кетип, учурда ал жерлерге жер тамдар салынууда.

Бул боюнча милиция териштирүү жүргузүп, аныктагандай, 2026-2020-жылдары мамлекеттик органдардын жана Ысык-Ата районунун жергиликтүү башкаруу органдарынын кызмат адамдары Новопокровка айылдык кеңешинин отурумунун жасалма протоколун негизинде жеке адамдардын жерлерин Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун №293 жана 323 контурдагы жерлерине жылдыруу тууралуу жасалма чечим чыгарган. Натыйжада 20 гектар жер  мамлекеттин карамагынан чыгарылып кеткен.

Аталган ишке байланыштуу «Кадастр» мекемесинин (азыркы аталышы Жер ресурстары кызматы) мурдагы эки жетекчиси, Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы жана орун басары жана бул ишке аралашкан башка адамдар кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө бул ишке 41 жаштагы К.Н. аттуу жарандын тиешеси бар экендиги аныкталган. ИИМдин маалыматы боюнча, ал эч жерде иштебейт. Жер тилкелерин сатууда ортомчулук милдетти аткарып жүргөн.

«Маалыматка ылайык, 1982-жылы туулган К.Н. жана аны туугандарына Ново-Покровка айыл өкмөтүндө жана Ысык-Көл облусунда 35 кыймылсыз мүлк, анын ичинде жер тилкелери катталган. Аталаган жаран кармалып, камакка алынды», — деп билдирет министрлик.

Учурда «коррупция» беренеси боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында К.Н.дин мүлктөрүнө, анын ичинде Toyota Land Cruiser, Hyundai Tucson, Nissan, Honda Stepwgn унаалары камакка коюлду.

Ошондой эле Ысык-Көлдөгү «Русалка» ден соолукту чыңдоочу борбору, «Падышах» тойканасы камакка алынды.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>