Баткен облусунда үйлөрү өрттөнгөндөргө кенемте төлөп берүүгө 87,4 млн сом жумшалды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Баткен облусунда жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 328 млн 359 миң 780,68 сом чогулуп, анын 87 млн 424 миң 455 сому сарпталды.
Атайын эсепте 245 млн 833 миң 518,65 сом калды (өткөн жылдагы 4 898 192,97 сом суммасындагы калдыкты эске алуу менен).
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз