Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Коопсуздук кеңеши өлкөдөгү коопсуздук маселеси боюнча жыйын өткөрдүКыргызстанда жарандарды социалдык камсыздандыруу үчүн каттоо системасы жөнөкөйлөтүлөтКамчыбек Ташиев ИИМде беш саат сурак берип чыктыЖер тилкелерин документтештирем деп, алдап кеткен. Чүйдө шектүү жаран кармалдыЖогорку Кеңеш геодезия жана мейкиндиктик маалыматтар жөнүндө мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алдыКыргызстанда 773 айылды таза суу менен камсыз кылуу пландалууда
Баткендин тургуну аялын өлтүрүп, андан соң асынып алды. Чоо-жайы
21.06.2022 | 15:07
Кадамжай районунда жергиликтүү тургун аялын бычактап, андан соң асынып алган. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, 19-июнда саат 04:00 чамаларында Кадамжай шаарынын 1987-жылы туулган тургуну Н.Б. жана 1987-жылы туулган Б.Б. аттуу жубайы ортосунда чыр чыккан.
“Чырдын кесепетинен жолдошу жубайына бир нече жолу бычак сайып, мыкаачылык менен өлтүргөн. Андан соң кылмышка шектүү Б.Б. Кадамжай районундагы Көтөрмө айыл аймагындагы айылдардын бириндеги салынып бүтө элек үйүнө барып асынып алган.
Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Криминал