Баткенге жардам көрсөтүү үчүн ачылган эсепке 310 млн 129 миң 742,60 сом түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Атайын эсеп Баткен облусунун калкын колдоо, абийирсиз жарандардын каржылык көз боемочулугуна бөгөт коюу максатында ачылган.
Эскерте кетсек, акча каражаттарын «кайрымдуулук» негизде жөнөтүү үчүн 4409021103005073 — «КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты» атайын эсеби ачылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз