Чек арачы Дастан Анабековдун апасы: Уулубузду издебей жатышат

Чек арачы Дастан Анабековдун апасы: Уулубузду издебей жатышат

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан кийин дайынсыз болуп жаткан чек арачы Дастан Анарбековду издөө жүргүзүлбөй жатат. Бул тууралуу маркумдун апасы Сауле Иманалиева Reporter.kg’ге билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик органдар жана бийлик тарабынан эч кандай маалыматтар айтылбай эле.

«Эч кандай маалымат берилген жок. Эч кандай жумуш жүргүзүлгөн жок. Өзүбүз сураштырып, өзүбүз иликтөө жүрзүп жатабыз», — деди ал.

Ал билдиргендей, аларга «Дастан Анарбековдун денеси болушу мүмкүн» деп бир сөөк көрсөтүлгөн. Бирок ал анын сөөгү экенине эч кандай далил жок. 21-сентябрда сөөктүн кимге таандык экенин аныктоо үчүн андын алынган үлгүлөр Казакстанга ДНК тестке жөнөтүлгөн.

«ДНК 30 күндө чыгат экен. Биздин балабыз экенине эч кандай далил жок. Сөөктү көрүү үчүн күйөөм менен иним барган. Ал сөөк күйүп кеткен, колу-буту жок экен», — деди ал.

Белгилүү болгондой жакында эле Ата-Бейитте куралдуу кагылыш учурунда танкта тирүүлөй күйүп кеткен үч аскердин сөөгү жерге берилген. Президенттин басма сөз кызматы, үч сөөктүн өздүгүн аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар жасалганын кабарлаган. Сауле Иманалиеванын айтымында, аталган үч аскердин сөөгү менен бирге аларга көрсөтүлгөн сөөктүн үлгүлөрү ДНК тестке 21-сентябрда чогуу жиберилген. Азырынча алардын жыйынтыктары чыга элек болуш керек.

Ошондой эле Анарбековдун апасынын айтымында, аларга «уулуңуздун денеси болушу мүмкүн» делген сөөктү Ата-Бейитке коюуну сунушташкан. Бирок алар сөөк кимге таандык экенин так аныкталбагандыктан, сөөктү Ата-Бейитке жерге берүүдөн баш тартышкан.

«Бизге да сөөктү «Ата-Бейитке коелу, баатыр болот» деп чалышты. Сөөгү табылбагандан кийин, эч нерсе так белгилүү болбогондон кийин сөөктү табалы деп макулдугубузду берген жокпуз», — деди ал.

Дастан Анарбеков 21 жашта болгон. Ал быйыл Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскер окуу жайын аяктап, июль айынын аягында Баткенге которулган. Анарбеков үй-бүлөдө беш бир тууган (4 эркек, 1 кыз), эркек балдардын улуусу болгон. Апасынын айтымында, уулу ак көңүл, элпек, шайыр мүнөзү бар, ичинде кири жок адам болгон.

Дастан Анарбековду издөө иштери, Казакстанга жөнөтүлгөн ДНК тест боюнча маалымат алуу үчүн Чек ара кызматына байланышканыбызда, маалыматты тактап берерин билдиришти.

Дастан Анарбеков 17-сентябрдан бери дайынсыз.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчыларыпрезиденттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болгон. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган.

Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.

Куралдуу кагылыштын айынан Кыргызстан тараптан 63 киши, анын ичинде 50 аскер кызматкери курман болуп, 200гө жакын киши ар кандай жаракаттарды алган.

Бүгүнкү күнү чек арадагы абал тынч бойдон сакталууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>