Бишкектин Калинин көчөсүндөгү көпүрө оңдоо иштерине байланыштуу жабылатКожомкул атындагы спорт сарайына заманбап бассейн салынатМихаил Шайдоров Казакстанга фигуралык муз тебүү боюнча Олимпиаданын алтын медалын алып келди15-февралга карата аба ырайыЖашы жете электи зордуктоого шектелгендерди жоопкерчиликтен бошоткон. Кеминде Тергөө кызматынын башчысы кармалдыИшкерлерден акча талап кылып жүргөн. Ошто жалган милиция кызматкери кармалды
Бажычы Алмаз Эргешов сумо боюнча Кыргызстандын чемпиону болду
15.08.2023 | 19:46
Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери Алмаз Эргешов сумо боюнча өлкө чемпиону болду. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, сумо күрөшү боюнча чемпионаты 11-августта Бишкекте Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын аянтында өттү. Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан ар кандай салмакта 80ге жакын балбан катышты.
Алмаз Эргешов 115 килограммдан жогорку салмакта жеңишке жетип, ушул жылдын октябрь айында Японияда өтө турган сумо күрөшү боюнча дүйнө жана Азия чемпионатына жолдомо алды.
Алмаз Эргешов Кыргызстандын беш жолку чемпиону, Азия чемпионатынын эки жолку жеңүүчүсү жана спорттун бул түрү боюнча көптөгөн эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт