Ысык-Көлдө лицензиясы жок 20 суу транспорт ээлерине айып салынды

Ысык-Көлдө лицензиясы жок 20 суу транспорт ээлерине айып салынды

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол-транспорт коопсуздугу чөйрөсүн көзөмөлдөө башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте, чакан кемелердин ээлери тарабынан ченемдик-укуктук актылардын талаптары кандай дээӊгелде аткарылып жаткандыгы боюнча текшерүү иш-чараларын жүргүзүштү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, ушуд жылдын август айында башталган 10 күндүк текшерүүнүн жүрүшүндө 35 кеме ээлери текшерилип, анын ичинен 15 суу скутеринин, 3 катердин жана 2 теплоходдордун ээлерине суу транспортунун техникалык шайкештигин бузгандыгы, кеме билеттеринин, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу укугуна лицензиялардын жоктугу үчүн протоколдор түзүлдү.

Мындан тышкары, суу транспортторунун ээлери менен каттоо жана уруксат берүүчү иш кагаздарын алуу боюнча бардык зарыл процедуралардан өтүү жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында, 70 жаран Балыкчы шаарында орун алган Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол-транспорт коопсуздугу чөйрөсүн көзөмөлдөө башкармалыгынын өкүлчүлүгүнө кеме билеттерин алуу боюнча арыздарын тапшырышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>