Бекер учак, жайкы каникул. ИИМ пакистандыктар эмнеге кетип жатканын айтты

Бекер учак, жайкы каникул. ИИМ пакистандыктар эмнеге кетип жатканын айтты

17-18-майдагы тополоңдон кийин чыгып кеткен чет элдик жарандар Кыргызстанга кайтып келишүүдө. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев «Ишеним» фракциясынын жыйынында билдирди.

Анын маалыматында, акыркы 3 күн ичинде Кыргызстанга Пакистандан 388, Бангладештен 71, Индиядан 13 чет элдик жаран  келди. «Алар окуу жана жумушун улантууда», — деп толуктады Нурбек Абдиев.

Ал пакистандыктардын өлкөдөн чыгып кетүүсүнүн себептерин дагы атады.

«Алардын окуу мөөнөтү бүтүп, жайкы эс алууга чыгышты. Ошого чыгып кетип жатышат. Андан тышкары, Пакистандын өкмөтү бекер учак менен алып кетип жатат», — деди министрдин орун басары.

Белгилей кетсек, Пакистан Кыргызстандагы жарандарын 8ге жакын атайын учак менен алып кетти. Элчиликтин маалыматында, бүгүн дагы бир каттам болот.

Белгилей кетсек, Ички иштер министрлиги Бишкекте 17-18-майда болгон тополоңдун негизинде массалык башаламандык беренеси менен иш козгон, ага катышкандарды аныктоо жана кармоо иштерин жүргүзүүдө.

Тополоңдо 15 киши жабыркаган. Кыргыз өкмөтү чет элдик студенттердин чыгымдарын төлөп берерин убадалаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>