Билип жүр! Социалдык тармакта эң көп ката жазылган сөздөр

06.11.2023 | 14:23

Reporter.kg Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен биргеликте мындан ары эң көп ката жазылган, эскирип, же колдонуудан чыгып бара жаткан  сөздөрдүн тизмесин жарыялап турат.

Социалдык тармакта эң көп ката жазылган сөздөр:

ова – ооба;

кандайс – кандайсыз;

барайлы – баралы;

моюнча – боюнча;

кийет – киет;

кеңейет – кеңеет;

суугарып – сугарып;

жеентек – жентек;

баш мээ – мээ (мээ башта гана болот);

каар – кар;

буйруса –буюрса;

сөссүз – сөзсүз.

Ал эми төмөнкү сөздөр сүйлөмгө көбүнчө орус тилинде кыпчылып, алардын кыргыз тилиндеги  варианттары дээрлик колдонулбайт:

почти – дээрлик;

например – мисалы;

потому что – анткени;

звонтет – чал;

тем более – анын үстүнө;

короче – кыскасы;

не знаю – билбейм;

вообще – таптакыр;

обед – түштөнүү;

настроение – маанай.

Бул сөздөрдүн маанисин биле жүрүңүз:

булгары – иштетилген тери;

капшыт – үйдүн каптал тарабы, төрдүн эки жагы;

чамгарак –  түндүккө каршы-терши сайылуучу, ийилип жасалган ичкерээк, узун жалпак жыгачтар;

дулдул – тулпар, чарчабас, кайраттуу;

гөзөл – көрктүү;

гүлазык – кубаты мол, узакка сакталган, ичкенге жарым-жартылай даяр кылып жасалган азык;

бөпөлө – эркелетип, алпештеп багуу;

ком – төөнүн токулгасы;

буйла  –  төөнүн мурдун тешип өткөзүлгөн шиш же байланган жип.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Scroll to Top