Ошто дагы 4 таза суу кампасын куруу пландалууда

Ошто дагы 4 таза суу кампасын куруу пландалууда

Ош шаарында көлөмү 24 миң куб метрди түзгөн дагы 4 таза суу кампасын куруу пландалууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Аталган маселе 3-ноябрда шаар мэри Бакытбек Жетигеновдун катышуусунда өткөн көчмө жыйында талкууланган.

«Көчмө жыйынга тиешелүү кызматтардын, бөлүмдөрдүн жетекчилери жана өкүлдөрү катышып, сунуш-пикирлерлерин айтышты. Ошондой эле жеринде тиешелүү кызматтарга тийиштүү тапшырмалар берилди», — деп айтылат.

Маалым болгондой, бул долбоор 2024-жылдын иш мерчемине киргизилет.

«Долбоор ишке ашырылса, шаардын жашоочулары нөшөрлөгөн жаан-чачын маалында үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз болушат», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, быйыл 31-август – Эгемендик күнүнө карата Ошто көлөмү 24 миң куб метрди түзгөн 4 суу кампасы ишке берилген. Ошондо президенттин маалымат кызматы «буга чейин Ошто сел жана жамгыр учурунда Ак-Буура дарыясынан алынган суу ылайланып, шаардыктарга суу берүү токтотулуп келсе, суу кампанын курулушу менен аталган маселе чечилди» деп билдирген.

Мындан ары Ошто сел жана жамгырдан кийин таза суу өчүрүлбөйт

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>