Бишкекте дайынсыз жоголгон чет элдик жаран изделүүдө

Бишкекте дайынсыз жоголгон чет элдик жаран изделүүдө

Бишкекте дайынсыз жоголгон 31 жаштагы чет элдик жаран Евгений Василенко изделүүдө. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, быйыл 9-сентябрда милицияга аял киши кайрылып, 31 жаштагы уулу Евгений Василенко 26-июлда Тимирязев көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Аталган факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Белгилери: бою болжол менен 176 см, чач сары, кыска, көзү көк, мурду кырдач, орто дене түзүлүштө.

Кандай кийингени белгисиз.

Өзгөчө белгилери: өйдөңкү эрининде тырык бар.

Милиция дайынсыз болуп жаткан Евгений Василенкону көргөндөр болсо же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0312 352 605, 0553 102 465, 0703 501 600, 0553 102 880, 0502 250 815  же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>