Билип жүр! Социалдык тармакта эң көп ката жазылган сөздөр

Билип жүр! Социалдык тармакта эң көп ката жазылган сөздөр

Reporter.kg Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен биргеликте мындан ары эң көп ката жазылган, эскирип, же колдонуудан чыгып бара жаткан  сөздөрдүн тизмесин жарыялап турат.

Социалдык тармакта эң көп ката жазылган сөздөр:

ова – ооба;

кандайс – кандайсыз;

барайлы – баралы;

моюнча – боюнча;

кийет – киет;

кеңейет – кеңеет;

суугарып – сугарып;

жеентек – жентек;

баш мээ – мээ (мээ башта гана болот);

каар – кар;

буйруса –буюрса;

сөссүз — сөзсүз.

Ал эми төмөнкү сөздөр сүйлөмгө көбүнчө орус тилинде кыпчылып, алардын кыргыз тилиндеги  варианттары дээрлик колдонулбайт:

почти – дээрлик;

например – мисалы;

потому что – анткени;

звонтет – чал;

тем более – анын үстүнө;

короче – кыскасы;

не знаю – билбейм;

вообще – таптакыр;

обед – түштөнүү;

настроение – маанай.

Бул сөздөрдүн маанисин биле жүрүңүз:

булгары — иштетилген тери;

капшыт – үйдүн каптал тарабы, төрдүн эки жагы;

чамгарак —  түндүккө каршы-терши сайылуучу, ийилип жасалган ичкерээк, узун жалпак жыгачтар;

дулдул – тулпар, чарчабас, кайраттуу;

гөзөл – көрктүү;

гүлазык — кубаты мол, узакка сакталган, ичкенге жарым-жартылай даяр кылып жасалган азык;

бөпөлө — эркелетип, алпештеп багуу;

ком — төөнүн токулгасы;

буйла  —  төөнүн мурдун тешип өткөзүлгөн шиш же байланган жип.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>