Июль айында Бишкек – Бээжин багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылатӨзбекстандан келген 82 миңден ашык көчөт артка кайтарылды17-мартка карата аба ырайыБШК Гүлсүнкан Жунушалиеваны жеке арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраттыМектеп жетекчилеринен акча талап кылып келген. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалдыКыргызстанда электрондук капчыктарды расмий түрдө мураска калтыруу пландалууда
“Бир тал чачын түшүрбөйбүз”. Ташиевдин коопсуздугу президенттин көзөмөлүндө (видео)
23.11.2023 | 12:11
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жана анын үй-бүлөсүнүн коопсуздугу президенттин көзөмөлүндө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Депутат Акбөкөн Таштанбеков криминал менен күрөштү белгиледи.
“Ташиев мырза Кыргызстандын бир жылдын бюджетин өзү толтуруп койгон экен. Криминал менен дагы башкасы менен да күрөшүп жатат. Аны, анын үй-бүлөсүн коргоп жатасыңарбы?”,- деп сурады ал.
“Ага Садыр Нуркожоевич өзгөчө көңүл бөлүп жатат. Бир кыл чачын түшүрүүгө мүмкүнчүлүк бербейбиз”, – деп жооп берди Акылбек Жапаров.
УКМКнын төрагасы дагы жооп берип, “өмүрүбүзгө коркунуч келет экен деп олтурсак анда мамлекет өзгөрбөйт”, – деди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом