«Чет өлкөдө жатып алып, өлкөнү жок кылгысы келет». Жапаров 5 жылга тынчтык сурады

«Чет өлкөдө жатып алып, өлкөнү жок кылгысы келет». Жапаров 5 жылга тынчтык сурады

Тышкы карыздан кутулуу үчүн биздин экономикада тынчтык жана туруктуулук болушу шарт», — деп министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал Кыргызстан карызын төлөөгө дагы  карыз ала албастыгын белгиледи.

«Тышкы карыз эң чоң проблема. Аны төлөш үчүн бюджет профицит болуш керек. Карыз алып төлөй албайбыз, антсек «карыз чуңкуруна» түшөбүз. Экономиканы өнүктүрүп, 2030-жылга чейин туруктуу иш алып барыш керек», — деди ал.

«Бизге 5 жылга тынчтык керек. Саясый каршылыктар болбош керек. Ким туруксуздукту кааласа, анда ал Кыргызстанга душман. Чет өлкөдө жатып алып, мамлекет жоюлсун деп жатышат», — дейт Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, АКШда жашаган активист Тилекмат Куренов элди 19-ноябрда Бишкекте митингге чыгууга үндөгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>