Көлбаевдин ири компаниялардагы үлүшү мамлекетке алынууда

Көлбаевдин ири компаниялардагы үлүшү мамлекетке алынууда

Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин ири компаниялардагы үлүшү мамлекетке алынууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, кылмышкердин 10 миллион долларлык акчасы табылды.

«Кечээ эле чоң ишканадан нак акчасын таптык. Компаниялар өздөрү Көлбаевге тишелүү акчаларды берип жатышат. Бир компания 15 миллион, андан башкасы 10 миллион доллар, ага чейин 12 миллион доллар өткөрүлүп берилди. Азыр бир ишканадан 30 миллион бересин деп жатабыз», — деди Камчыбек Ташиев.

Анын маалыматында, УКМК криминал менен күрөштөн 1 миллиард 200 миллион доллардык акча жана мүлктү мамлекеттин карамагына берди.

«Алар четинен сатыкка коюлуп жатат. Мына «Күрмөндү цемент заводу» бааланды. «Айпери» деген чоң ишкана бар эле, ал жерге криминал топтолуп турчу. Аны алдык, мамлекет 20 миң -25 миңге бааланып жатат. Криминалдын бардык ири компанияларда», — деди Камчыбек Ташиев.

Эң кымбаты 25,5 млн сом. Камчы Көлбаевдин 6 унаасы сатыкка коюлду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>