Кудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайыБишкекте таштанды кайра иштетүү заводунун пилоттук эксплуатациясы башталды
Бир жума чыдагыла! Кызыл зонадагы дарыгерлерге акча табылды
05.10.2021 | 13:05
Кызыл зонада иштеген дарыгерлерге акча табылды. Бул туурасында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу кызматынын төрагасынын орун басары Клара Өскөнбаева Repoter.kg′ге билдирди.
Анын айтымында, Каржы министрлиги акча тапты, ушул жумада токтом долбоору иштеп башташы мүмкүн. Учурда Юстиция министрлигине макулдашуу үчүн жөнөтүлгөн. Кызыл зонада иштеген медкызматкерлер үчүн август айына 180 млн. сом табылды. Ал эми сентябрь айындагы медкызматкерлер азырынча так эсептелинип чыга элек.
Дарыгерлер 3 миң 300 сом, медайым 2 миң 500 сом, тазалык кызматкери (санитарка) 2 миң 200 сом айына алышат. Дарыгерлердин саатына 130 сомдон, орто медперсонал 120 сом, кенже медперсонал 100 сомдон эмгек акы өлчөнөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом