Өзбекстанда кургакчылык менен күрөшүү үчүн Айыл чарба илимдер академиясы түзүлдүБишкекте венгер түркологуна мемориалдык такта орнотулатАлмаз Бакетаев каржы министри кызматынан кетип, Улуттук банктын төрагасы болуп шайландыӨкмөт ата мекендик зергерлер үчүн баалуу металлдарды сатуу тартибин бекиттиМандатын тапшыргандардын ордуна Жогорку Кеңешке жаңы депутаттар келдиЖогорку Кеңештин депутаттарынын трибунадан сүйлөөсү чектелет
Бишкек эркин экономикалык аймакта мыйзамсыз алтын иштеткен факты аныкталды
26.01.2022 | 11:20
“Бишкек” эркин экономикалык аймагында алтынды бөлүп алуу боюнча мыйзамсыз ишкерлик жүргүзүлүп келген. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдирди.
Маалыматка караганда, Бажы кызматынын жана “Бишкек” эркин экономикалык чөлкөмүнүн (ЭЭЧ) кызмат адамдарынын колдоосу менен “Бишкек” ЭЭЧнүн аймагында уруксат берүүчү документтери жок жеке фирмалардын бири, уулуу заттарды колдонуу менен техникалык жана экологиялык коопсуздук талаптарын бузуп, курамында алтынды камтыган кендерден алтынды бөлүп алуу боюнча көп убакыттан бери мыйзамсыз аракеттерди жүргүзүп келгендиги тастыкталды.
Белгиленген факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар