Шакиев: Мындан кийин элчиликтерди алып келбегиле, ыңгайсыз абалда калдык

Шакиев: Мындан кийин элчиликтерди алып келбегиле, ыңгайсыз абалда калдык

Мындан кийин элчиликтерди парламентке алып келбегиле, президентти да парламентти да ыңгайсыз абалга калтырдыңар! Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Шакиев парламенттин жыйынында билдирди.

Эгерде, ушундай болоорун билсеңер, элчинин талапкерлигин парламентке алып келип,  “макулдук керек”- деп  сунуштабай эле койсоңор болмок.  Бул силердин катаңар… Ушундай кадамдарыңар менен парламент менен президентти ыңгайсыз абалга калтырып жатасыңар. Мындан кийин анда бир дагы элчини парламентке алып келбегиле. Дагы ушундай кайталана берсе эмне болот? Төрага сиз дагы бир нерсе деп коюшуңуз керек. Коомчулук түшүнбөй жатат… “Парламент бирди, президент бирди айтып жатат, демек, бул парламент “чимкирик” парламенттен эч кандай айырмасы жок экен. Президент парламентти укпайт экен”- деген талкуулар болуп жатат коомчулукта. Тышкы иштер министрлигинин да жоопкерчилигин караш керек. Мындан кийин мындай окуя кайталанбасын”— деди депутат.

Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарык укуктуу өкүлү Алмасбек Абытов депутаттын сөзүнө кошулуп мындай окуя экинчи кайталанбаарын убада кылды.

“Туура айтасыз. Мыйзамдарга инвентарзация жасалып жатат. Кийинки жумаларда кирип калат. Сиз айткандай мындай окуялар экинчи кайталанбайт”— деди.

Президент Садыр Жапаров кечээ, 25-январь күнү Идрис Кадыркуловду Кыргызстандын Украинадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кылып дайындаган жарлыкка кол койду. Ал эми Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 24-январдагы жыйынында анын талапкерлигин колдогон эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>