Түлөбаев: Парламент башка, президент башка чечим чыгарды. «Комитет сынды…»

Түлөбаев: Парламент башка, президент башка чечим чыгарды. «Комитет сынды…»

Комитеттин чечими башка, президенттин чечими башка болуп калды. Парламенттеги комитетти кечээки окуя менен сындырды. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев  парламентте билдирди.

“Соңку учурда бийлик менен оппозицияны, президент менен парламенттин ортосуна от жаккан үчүнчү күчтөр барбы дейм да…  Парламенттеги комитетти кечээки окуя менен сындырды да. Комитеттин чечими башка, президенттин чечими башка болуп калды. Муну кандай түшүнсөк болот? Эми азыр да, өткөн Жогорку Кеңештин комитети чечим кабыл алган маселени кайра алып келип атасыңар? Кичине мыйзамды өзүбүз сактабайлыбы? Анда 6-чакырылыштын көп чечимдерин жокко чыгаралы…”-деди депутат.

Президент Садыр Жапаров кечээ, 25-январь күнү Идрис Кадыркуловду Кыргызстандын Украинадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кылып дайындаган жарлыкка кол койду. Ал эми Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 24-январдагы жыйынында анын талапкерлигин колдогон эмес.

Шакиев: Мындан кийин элчиликтерди алып келбегиле, ыңгайсыз абалда калдык

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>