БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Бишкек: Инспекторду сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды
17.01.2022 | 14:48
Бишкекте 17-январда саат 08:00дөр чамасында жол кырсыгы катталды. Бул маалыматты Reporter.kg’ге Патрулдук милициянын басма сөз кызматы тастыктады.
«Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаа Гагарин көчөсү менен чыгып, Чыңгыз Айтматов проспектисин көздөй солго бурулуп, аталган тилкеде жолду жөнгө салып жаткан Патрулдук милициянын инспекторун сүзүп кеткен. Айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен.
Бир аз убакыттан кийин айдоочу табылып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом